Мектептерде каникул узартылды

Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелери жергиликтүү бийлик органдары менен аймактык билим берүү башкармалыгынын макулдашуусунун негизинде чечилет
Sputnik

БИШКЕК, 30-Янв. — Sputnik. Өлкө ичиндеги мектептерде каникул 3-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министрлик ӨКМдин жакынкы аралыкта абанын температурасы жогорулабай турган маалыматынан улам каникулду узартуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулган.

"Министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен 30-январдан тарта дагы үч күн — 30-январь, 1-2-февраль мектеп окуучулары эс алат. Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелери жергиликтүү бийлик органдары менен аймактык билим берүү башкармалыгынын макулдашуусунун негизинде чечилет", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, беш күндүк окуу жумасы менен иштеген мектептер үч күнгө — 31 январь, 1-2-февралга, алты күндүк окуу жумасы менен иштеген мектептер төрт күнгө — 31 январь, 1-2-3-февралга тарады. Ошентип окуу процесси 5-февралда башталмай болду.

Министрлик ошондой эле кесиптик билим берүү мекемелери чечимди кырдаалга жараша өз алдынча кабыл аларын кошумчалады.