Кыргызстанда 11 аэропорт иштейт, бирок көбүнө учак конбойт

Көп колдонулбаган алты аэропортко бекер турганына карабай мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөт
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 11 аэропорт иштей турганын "Манас" эл аралык аба майданынын Инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов билдирди.

Глава дирекции инфраструктурного развития ОАО "МАМ" Абдималик Бусурманкулов

Анткен менен туруктуу каттамдар бир нече гана аэропортто аткарылат.

Баарынан көп Бишкек, Ош, Баткен, Исфана, Жалал-Абад шаарларындагы аэробекеттер колдонулат. Ал эми Казарман, Нарын, Талас, Каракол, Ысык-Көл жана Кербендеги аба майдандары көп пайдаланылбай келет.

"Популярдуу" эмес аэропортторго көбүрөөк учак кондурууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул биздин колубуздагы иш эмес. Биздин милдет — авиакомпанияларга өз учактарын ийгиликтүү учуп-кондурууга шарт түзүп берүү", — деди Бусурманкулов.

Анын айтымында, көп колдонулбаган алты аэропортко бекер турганына карабай мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөт.