Чекирова: кумарканалар көмүскөдө өз ишин улантууда
Кумарканалар көмүскөдө өз ишин улантууда. Бул тууралуу Айнура Чекирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, оюн-зоок ойнолчу аймактар толугу менен мамлекеттик көзөмөлдөн чыккан.
"Кумар оюндарына бөгөт коюлган мыйзам кандай иштеп жаткандыгын текшерүү максатында атайын эксперттик топ түзүлүп, иликтеп чыктык. Ага ылайык, оюн-зоок тармагы көмүскөгө өтүп кеткени анык болду. Анын арты менен мамлекеттик көзөмөл толук жоголгон. Ойноп жүргөн жарандар кайра эле жаман адатын улантууда", — деди Чекирова.
Эксперт кумар оюндарына 2011-жылы тыюу салынгандыгын кошумчалады.