Гүлжигит Аалиев: инфекциялык ооруканадагылардын көбү беш жашка чейинки балдар

Кечээ ооруканага 51 оорулуу кайрылды
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте грипп жана сасык тумоо боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Ызгардуу күндөрдө грипп жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өскөн жок. Бир жума мурда күнүнө 100дөн оорулуу кайрылып жатса, өткөн суткада 51 гана киши келди", — деди Аалиев.

Башкы дарыгердин айтымында, учурда инфекциялык ооруканада дарыланып жаткандардын басымдуу бөлүгү беш жашка чейинки наристелер.