Ботаникалык бактагы үшкүрүк. Чүрүшкөн, жыгылган, муз тоңгон өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү

Sputnik

Үшүк алган өсүмдүктөр, муз тоңгон жалбырак, жарылган түтүк. Ботаникалык бактан видео
"Мобу банан. Ушинтип тоңуп калды. Бул жерде 500дөн ашуун уникалдуу, чет жактан алып келген жана өлкөнүн ичинен көчүрүлгөн өсүмдүктөр бар. Негизи биринчи суук жалбырактарды алат, кийинки суук тамырына доо кетирет. Азыр канчасы өлүп, канчасы кайра өсүп чыгарын билбейм. Жылуулукту жалдырап күтүп отурабыз", — деп кейиди Ботаникалык бактын лаборатория жетекчиси Ирина Бондарцова.

Биздин маектештин бул жерде иштегенине 40 жылдан ашыптыр. Ал оранжереяны аралап жүрүп, мындай абалга биринчи ирет кабылгандыктарын айтып берди.

"Күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаганбыз. Ошентсе да ушундай абалга кабылдык. Буга күнөөлүү тараптан чыгымдарды төлөп берсин деп талап кылабыз. Үшүк алган өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү үчүн ондогон жылдар кетет. Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү, кайгылуу", — деди улутунган Бондарцова.

Оранжереяны аралай басып жүрүп, узатасынан орнотулган батареянын жылымык экенин байкоого болот.

Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүп, Ботаникалык бакка уникалдуу өсүмдүктөр бери жагы Казакстан, Өзбекстандан, ары жагы Европадан алып келинген.

Андан сырткары, сууктан улам жылытуу система да жабыркап, түтүктөр жарылган.

1 / 13
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы лабораториянын жетекчиси Ирина Бондарцева оранжереядагы өсүмдүктөрдү көбү өткөн жуманын түнү, ТЭЦте авария болгондо тоңуп калгандыгын айтты
2 / 13
Биринчилерден болуп суукту банан дарагы сезген
3 / 13
Бул жалбырактар бир нече күн мурда жапжашыл болуп, көз жоосун алып турган. Эми караңыз, кандай абалда калды
4 / 13
Ботаникалык бактын кызматкерлери бул жерди күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаган
5 / 13
Биз барганда уникалдуу өсүмдүктөр 0 градустун кучагында калыптыр
6 / 13
Кыроо баскан чатыр... терезе... оранжерея
7 / 13
Катар турган батареялар ал тургай кол жылытпайт экен
8 / 13
Жашоо үчүн күрөш...
9 / 13
Суу тоңгон түтүк, муз жалбырак, алсыз батарея
10 / 13
"Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү", — деди Ирина Бондарцева жүрөктү оорутуп
11 / 13
Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүптүр
12 / 13
Буга ким күнөөлүү???
13 / 13
Ботаникалык бактагы бул жай Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган