Бишкекте ММА боюнча "Falсo Fighting Championship-2018" турнири өтөт

Чемпиондук кур үчүн кыргызстандык "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу Бактияр Тойчубаев менен өзбекстандык мушкер Отабек Хамзалиев күч сынашат
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте ММА боюнча FFC (Falсo Fighting Championship — ред) эл аралык турнири өтөт. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мелдешти уюштуруп жаткан "FALCO" спорттук клубунун президенти Шер Насирдинов тастыктады.

Мушкер Актилек Жумабек уулу кийинки беттешин Россияда өткөрөт
Турнир 11-мартта борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Анда 15 беттеш каралган.

Чемпиондук кур үчүн кыргызстандык "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу Бактияр Тойчубаев менен өзбекстандык мушкер Отабек Хамзалиев күч сынашат.

FFC турнирине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын эрежесиз уруш боюнча мушкерлери ат салышмакчы.