Аламүдүндө там өрттөнүп, үй ээси күйүп кетти

Ушу тапта өрттүн себеби такталууда
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунун Пригородное айылында 80 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөнүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тамдын ичинен 66 жаштагы үй ээси Александр Гагариндин күйүп кеткен сөөгү табылган.

Ушу тапта өрттүн себеби такталууда.