Жогорку Кеңештин депутаттары ТЭЦке барып, күнөөкөрлөрдү аныктайт

Бишкек ТЭЦтеги көйгөйгө байланыштуу үч суткадан бери борбордук жылуулук тармагына туташкан батирлердеги температура төмөндөп кетти
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эртең, 30-январда, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Бишкек ТЭЦинде көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Белгилей кетсек, ТЭЦтеги авариядан улам үч күндөн бери борбордук жылуулук тармагына туташкан батирлердеги температура төмөндөп кеткен.

"Эртең аварияга байланыштуу саат 14.00дө көчмө жыйын өткөрүлөт. Жеринде окуяны иликтөөгө алабыз. Эгер күнөөкөрлөр аныкталса, өкмөткө аларды иштен алууну сунуштайбыз. Себеби өзүбүз иштен алалбайбыз да", — деди Рыспаев.

Президент Жээнбеков ТЭЦтеги авариянын кесепети боюнча үн катты
26-январдын кечинде Бишкек жылуулук берүү борборунда (ТЭЦ) авария болуп, кубаттуулугу 340дан 154 мегаваттка төмөндөгөн. Натыйжада калаа тургундарынын үйү сууктай түштү.

27-январдын кечинде өкмөттүн маалымат кызматы ТЭЦтеги абал жөнгө салынганын маалымдаган. Бирок көпчүлүк калаа тургундары бүгүнкү күнгө чейин үйлөрү жылыбай жатканын айтып нааразы болушууда.

Бүгүн, 29-январда ТЭЦтеги №24 кошумча агрегатты иштетүү маалында диаметри 60 миллиметр болгон түтүк жарылып кетти.

Күн качан жылый турганын синоптиктер айтып берди.