БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоо тартибин киргизүү боюнча маселени муфтий Максатбек Токтомушев өзү көзөмөлгө ала турган болду. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган маселени Токтомушев өлкө аймагындагы казылар менен жолугуп, аймактарды өнүктүрүү жылына карата муфтият жана облустук казыяттар тарабынан аткарылуучу иштер боюнча тапшырмасын берип жатканда айткан.
Никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоодон сырткары бирдиктүү окуу программасын көзөмөлдөө, бирдиктүү намаз убактысын так сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу тапшырмалары берилген. Андан тышкары, жашылдандыруу ишин күчөтүү жана мечиттер, социалдык объектилерди тазалоо, бак отургузууну жандандыруу иши колго алынмакчы.