Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Европадан 6 медаль менен кайтышты

Эки алтын медаль Денис Петрашовго таандык
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр "EURO MEET Luxembourg" аталыштагы мелдеште алты медалга ээ болушту. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 26-28-январда Люксембургда өткөн. Анда кыргызстандык спортчулар эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышкан.

Акча табылды! Мушкер Нуралыны Азия оюндарынын тандоо туруна айылдаштары жибермекчи
Алтын медалдар Денис Петрашовдун таандык. Ал 100 жана 200 метр аралыкка брас ыкмасы менен жарышууда ийгиликке жеткен. Ал эми Елизавета Рогожникова 400 метрге комплекстүү жарышууда экинчи орунга татыган. Мындан сырткары, Петрашов 50 жана 100 метрге брас ыкмасы менен абсолюттук жарышта, Рогожникова 400 метрге эркин ыкма менен жарышта коло медалды багындырган.

Айта кетсек, Петрашов 19-21 январда дагы Швейцариянын Женева шаарында өткөн "Challenge International De Geneva" мелдешинде эки алтын жана бир күмүш медаль алган.

Спортчулардын барып-келишине Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан 163 миң сом бөлүнгөн.