Ош: Кара-Сууда унаа коюп кетип, алты жаштагы кыз каза болду

Кырсык 28-январь күнү кечки саат 22:00дөр чамасында катталган
Sputnik

ОШ, 29-янв.— Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында алты жашар кызды автоунаа сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

"Кырсык 28-январь күнү саат 22:00 чамасында катталган. "Daewoo Matiz" унаасы тебелеп кеткен алты жашар кыз оор жаракат алган. Учурда бул кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Автоунаанын 29 жаштагы айдоочусу кармалып, ал Кара-Суу районунун тургуну экени белгилүү болду.