Бишкекте имараттын дубалына урунган жеңил унаанын бир жүргүнчүсү каза болду

Кырсыкка айдоочунун рулга ээ боло албай калганы себеп болгон
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь районунда Токомбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Honda унаасы кырсыктап, бир киши каза болгонун ӨКМ билдирди.

Суусамырда унаасы аласалып жолдо калган айдоочуну Чүй милициясы аман алып калды
Маалыматка ылайык, окуя 29-январга караган түнү саат 3.58де болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай, көчөлөрдүн кесилишинде жанаша жайгашкан имараттын дубалына урунган. Машинада эки жүргүнчүнүн бар экени айтылды. Кырсык болгон жерге алты куткаруучу барып, каза болгон кишинин сөөгү медицина кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ал эми айдоочунун абалы канааттандыраарлык.