БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Өткөн суткаларда борбор калаада көчөдө калган эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкектеги ыкчам медицина борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки сөөк тең жекшемби күнү күндүз табылган.
"Бири Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаткан. Экинчисин так айта албайбыз. Алдын ала маалыматтарга караганда экөө тең селсаяк болгон. Алар ызгаардан улам тоңуп калышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле көчөдөн табылган 12 адам үй-жайсыз калгандардын баш калкалоочу жайына жиберилди.
Баса, Бишкекте баш катар жайы жок адамдар үчүн төрт башпаана иштейт.