БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. ӨКМ Кыргызстандын аймагында 30-январдан 3-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы божомолун таратты.
30-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо кар себелеши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден кээ бир тоолуу райондордо 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.
31-январда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.
2-3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз айрым жерлерде кар себелеши мүмкүн. Жолдор тоңуп, жер тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
4-февралда айрым жерлерде бир аз кар жаашы мүмкүн. Ал эми 5-февралда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
Бишкек шаарында 30-31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Ал эми Ош шаарында 30-31-январда жана 1-февралда күн ачык болот.