Ымыркайлар үшүп калган жокпу? Балдар, төрөт үйлөрүндөгү абал кандай

Учурда төрөт үйлөрүндө жана балдар ооруканаларында температуралык режим сакталууда
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Катуу суук менен жылуулуктун аз берилип жатканына карабай учурда төрөт үйлөрү жана ооруканаларда абал туруктуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, учурда төрөт үйлөрүндө жана балдар ооруканаларында температуралык режим сакталып жатат.

"Азыр палаталарда 20-22 градусту кармаганга аракет кылып жатабыз. Одеял таратылып, керек болгон учурда жылыткычтар иштетилүүдө", — деди Айгерчинова.

Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Актан Балбаковдун айтымында, балдар жана карылар үйүндө да абал канааттандырарлык.

Президент Жээнбеков ТЭЦтеги авариянын кесепети боюнча үн катты
"Шаардагы карылар үйүнүн ар бир бөлмөсүндө жылыткычтар сайылган. Ал жакта температура 18ден кем эмес. Анын үстүнө азыр да күн жылып, жылуулук бериле баштагандыктан абал аянычтуу эмес. Кызматкерлерибиз улам-улам текшерип жатышат", — деди Балбаков.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу.

Мындан улам көп кабаттуу үйдүн жашоочулары, оорукана, төрөт, балдар, карылар үйлөрү жана башка борбордук жылуулукка туташкан мекемелер эки күнгө жылуулуксуз калган. Учурда ТЭЦтеги абал акырындык менен жөнгө салынууда.