Кыргызстанда бүгүн шайлоо өтүп жаткан аймактар.Тизме

Бул сапар 29 шайлоо округу жана 56 шайлоо участогу бекитилди
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоолор башталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошентип 29 шайлоо округу жана 56 шайлоо участогу бекитилди.

Бул сапар эки шаардык жана тогуз айылдык кеңешке шайлоо болуп, 211 депутат шайланат. Ал эми жалпысынан 1250 талапкер катталган.

Шайлоочулардын тизмесине 87 миң 132 киши кирип, добуш берүү 8.00дөн 20.00гө чейин болот.

Шайлоо төмөнкү аймактарда өтөт:

— Кажы-Сай айылдык кеңеши (Ысык-Көл облусу, Тоң району);

— Таш-Көмүр шаардык кеңеши жана Кара-Жыгач айылдык кеңеши (Жалал-Абад облусу, Аксы району);

— Кара-Балта (Чүй облусу, Жайыл району) шаардык кеңеши жана Александровка айылдык кеңеши (Чүй облусу, Москва району), Кара-Булак жана Жаңы-Алыш, Көк-Ойрок айылдык кеңештери (Чүй облусу, Кемин району);

— Ак-Таш айылдык кеңеши (Ош облусу, Кара-Суу району);

— Тоголок Молдо айылдык кеңеши (Нарын облусу, Ак-Талаа району).

Жергиликтүү кеңешке болуп жаткан шайлоо кандай өтүп жатканын чагылдырган тексттик трансляция