Акча табылды! Мушкер Нуралыны Азия оюндарынын тандоо туруна айылдаштары жибермекчи

Кыргызстандык спортчу билет алууга каражаты жетпей жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кайрылган
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Нуралы Карыбаев Индонезияда өтө турган Азия оюндарынын тандоо туруна катышмай болду. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Карыбаев жыл жаңыраары менен спорттун пенчак силат түрү боюнча Кыргызстандын биринчилигин жеңген. Эми анын максаты август айында Азия оюндарына карата Индонезияда өтө турчу тандоо турнирине катышып, мелдешке жолдомо алуу эле. Билет алууга жарым каражаты жетпей жатканын айткан мушкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кайрылган.

Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарынан жолдомо алат элем

Туура 10 күн өткөндөн кийин тилеги орундалганын билдирди.

"Абдан сүйүнүп жатам. Каражат таап, билетимди сатып алдым. Сиздер тарткан видеону YouTube каналы аркылуу айылдаштарым көрүп, жардам беришти. Мага кол сунган Ысык-Көл облусунун Чоң-Таш айылынын тургундарына, мектеп мугалимдерине, айыл өкмөтүнө, шаардагы жердештериме, ата-энеме жана машыктыруучум Бекболсун Советбековго ыраазычылык билдирем," — деди спортчу.

"Ушу сен спортчусуңбу?" дешет. Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков менен маек
Эми Карыбаев Индонезияда өтө турчу тандоо турниринен өтсө, Азия оюндарына жолдомо алат.

Эске сала кетсек, Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакарта шаарында болот. Ал эми бул оюнга тандоо турнири 10-17 февралда ошол эле калаада өтөт. Кыргызстандын атынан үч кыз, жети бала катышат.

21 жаштагы Нуралы Карыбаев тайбоксу боюнча КРдин чемпиону, бирма боксу боюнча КРдин эки жолку, Борбор Азия жана дүйнө чемпиону аталган.