Кыргызстандын стенди Түркиядагы фестивалда "Нукуралык" сыйлыгына ээ болду

Келген коноктор Кыргызстандын "аралчасына" өзгөчө көңүл буруп, мактоого алышкан
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition деген аталыштагы туристтик көргөзмөдө Кыргызстан жөнүндөгү стенд "Нукуралык" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

1 / 4
Түркияда өтүп жаткан East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition деген аталыштагы туристтик көргөзмөдө Кыргызстан жөнүндөгү стенд "Нукуралык" номинациясын жеңип алды
2 / 4
25-28-январь күндөрү Стамбул шаарында өткөн бул иш-чарада Кыргызстандын стенди катары боз үй тигилип, комуз чертилген
3 / 4
Ал эми улуттук кийим кийген кыздар келген конокторго кымыз жана боорсок ооз тийгизген
4 / 4
East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition көзгөзмөсү быйыл 22-ирет өтүп жатат. Ал дүйнөдөгү туризмге арналган эң ири иш-чаралардын бири болуп эсептелет.

25-28-январь күндөрү Стамбул шаарында өткөн бул иш-чарада Кыргызстандын стенди катары боз үй тигилип, комуз чертилген. Ал эми улуттук кийим кийген кыздар келген конокторго кымыз жана боорсок ооз тийгизген.

"Мында келген коноктор Кыргызстандын "аралчасына" өзгөчө көңүл буруп, абдан макташты", — деп айтылат билдирүүдө.

East Mediterranean International Tourism and Travel Exhibition көзгөзмөсү быйыл 22-ирет өтүп жатат. Ал дүйнөдөгү туризмге арналган эң ири иш-чаралардын бири болуп эсептелет.