Арстан менен алышкан пилдин видеосу интернетке тарады

Окуя Кениядагы Самбуру коругунда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Интернетке баласын арстандан куткарып калган пилдин видеосу чыкты.

Тасмада көрүнүп тургандай арстан пилдин баласына артынан кол салган. Бул учурда эне пил артка кайрылып, жырткычты көздөй тап берип качырган.

Окуя Кениядагы Самбуру коругунда болгон. Бул учурда жапайы жаратылышты тартуу менен алектенген британиялык Мэтт Брирли тасмага түшүрүп алган.