"Ак-Батадагы" аламан улак бир оюнчунун өлүмү менен аяктады. Видео

Улакчынын сөөгүн куткаруучулар суудан таап чыгышты
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектин четиндеги "Ак-Бата" жаңы конушунда аламан улакка катышкан оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 45 жаштагы киши аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Бирок аты суудан чыгып, өзү чөгүп кеткен. Окуя бүгүн, 27-январда түштөн кийин болгон.

"Чакыруу бүгүн саат 16.26да түштү. ӨКМдин Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнүн төрт кызматкери барып саат 17.20да чөгүп кеткен кишинин сөөгүн суудан алып чыгышты. Маркум Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул эле "Ак-Бата" жаңы конушунда 11-январь күнү да чабандестердин тартып жаткан улагы сууга түшүп кеткенде бир жигит сырткы кийимин чечип, улакты суу алдынан таап чыккан.