БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Түрттүрүүгө буйрук берилген Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин азыркы көрүнүшүн күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди.
Буга чейин Бишкектин жерди колдонуу жана курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Иманкул уулу 2017-жылы мыйзамсыз имараттарды түрттүрүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.
"Документ боюнча аталган даректеги кафе төрт сотыхты ээлейт, ал эми факты боюнча 11 сотых. Муну менен алар муниципалдык аймакты ээлеп алышкан. Учурда имараттын эки кабаттуу кошумча курулушу түрттүрүлүп жатат", — деп Иманкул уулу белгилеген.
Түрттүрүү иштери 25-январда башталып, бир нече күнгө созулары айтылган болчу.