ТЭЦтин башчысы кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты

Мекеменин жетекчиси диверсиялык аракеттер болду деген кептерди четке какты
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек жылуулук борборунун башкы директору Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги авариядан улам кызматтан кетип, жоопкерчилик тартууга даяр экенин өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, химиялык туздалган сууну берүүдө маселе болгон эмес. Бул суу куурлары өздөрүнүн мөөнөтүн өтөп бүткөн. Ошондуктан ушундай абал жаралган.

"Ал жакта жарылуу же өрт чыкпаганын ишенимдүү айта алам. Менимче бул жерде диверсия дагы болгон жок. Жаралган кырдаалды жөнгө салууга бардык материалдар бар, күчүбүз жетет. Эмнеден улам мындай болгонун табууга аракет кылуудабыз", — деди ал.

Ошондой эле Өмүркул уулу бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоону караштыруу фискалдык органдарга тиешелүү экенин айтып, кырсык болгон учурда эч ким жабыркабаганын баса белгиледи.

ТЭЦ жетекчиси: бүгүн кечинде жылуулук берилери айтылган, бирок жетишпей жатабыз
"Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын жетекчи орун басары Михаил Курганов калаадагы 46 үйдө куурлар тоңуп калганын маалымдады. Аларды жөнгө салуу үчүн учурда 15 бригада иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Тийиштүү органдын өкүлдөрү авария бүгүн кечки саат 22:00гө чейин жолго коюлат деп ишендиришкен.

ТЭЦтеги авариядан улам Бишкек шаарындагы абал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.