БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы жээктери сууктан улам 2 метрге чейин тоңгон видеосун Jamiro San аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялады.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдүн суулары тоңуп калды деген видео социалдык тармактарга тарап кеткен.
San аттуу колдонуучу Балыкчы шаарындагы көлдүн жээгин 27-январда видеого тартып, бүгүн социалдык тармакка жарыялаган.
"Чындап эле Ысык-Көл тоңуп калдыбы деп аны текшерип көрүү үчүн Балыкчы шаарындагы көлдүн жээгине келдим. Буга чейин тарап кеткен видеодогудай коркунуч жок экенин көрсөңөр болот", — деп ал видеодо түшүндүрмө берген.
Ары жакта ак куу менен өрдөктөрдүн сүзүп жүргөнү көрүнөт. Колдонуучу Балыкчыда шамал болуп жатканын баса белгилеген.