Кыргызстанда 1 миллиондой адам ичүүчү суу менен камсыз болгон эмес

Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда учурда болжол менен 1 миллион калк ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес. Республика аймагындагы 1805 айылдын 396сында суу түтүктөрү таптакыр жок. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун Кыргызстандагы ичүүчү суунун азыркы абалы жана санитариясы боюнча докладында айтылган.

"Кыргызстандагы 1805 айыл-кыштактын ичинен 725инин (38 пайызы) борборлошкон суу системасына кошулууга толук мүмкүнчүлүгү жок, 400дөн ашуун (22 пайыз) айылда таптакыр эле суу түтүк тарамы жок болгондуктан, булактардан суу алууга аргасыз. Ал эми 267 (14 пайыз) калктуу пункт өткөн кылымдагы, 1960-жылдары курулган эски суу түтүктөрдү колдонуп келишет", — деп айтылган.

Исаковдун Кочкорго сапарынан соң райондо жаңы суу кампасы курулмай болду
Маалымат кызматы аталган доклад өлкөнү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча курч көйгөйдү системалуу, ырааттуу чечилиши үчүн мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдуртуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Доклад байкоолордун жана Кыргызстандагы бардык аймактын жашоочулары катышкан сурамжылоонун жыйынтыгынын негизинде даярдалган.