ЖАЛАЛ-АБАД, 27-янв. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарынын Момбеков айылындагы 240 турак үй көгүлтүр отко туташтырылды. Бул тууралуу "Кыргызнефтегаз" ишканасынын газды реализациялоо бөлүмүнүн башчысы Кочкорбай Амадалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, аталган айылдагы он көчөнүн жашоочулары эми газды күнүмдүк турмушта колдоно алышат.
"Аталган аймакка көгүлтүр от берүү 26 жыл мурда токтотулган. Чейрек кылымдан соң айылдыктар кайрадан газды пайдалана башташты. Жалпылап айтканда, Ноокен районунда 500дөн ашуун абонент көгүлтүр отту колдонот. Аталган аймакка газ берүү "Кыргызнефтегаз" ишканасынын Майлуу-Суу лампа заводу менен болгон келишимди чектегенинин эсебинен берилди", — деди Амадалиев.
Ал ошондой эле буга чейин жыл сайын лампа заводу келишимдин негизинде 36 миң куб өлчөмүндө газ алып келген болсо, бул жылы 26 миң кубга азайгандыгын кошумчалады.
Ал эми жергиликтүү тургун Токторали Чамашов көгүлтүр от үчүн түтүктөрдү тартып келүүгө ар бир үй-бүлө 15 миң сомдон чогулткандыгын, анын эсебинен 12 чакырым аралыкка түтүк сатып алынганын белгиледи.