Кабулдун дипломатиялык кварталында жардыруу болуп 95 адам көз жумду

Жардыруу чет мамлекеттердин элчиликтери жана өкмөттүн имараттары жайгашкан жерде болгон
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кабулдагы жардыруудан 95 адам көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги 1TV телеканалына шилтеме берип жазып чыкты. 

Кыргызстанда теракт жасоого ниеттенген эл аралык топтун мүчөсү кармалды
Трагедия 27-январда, Кабулдун Вазир –Акбар-Хан кварталында болгон. Ал жакта чет мамлекеттердин элчиликтери жана өкмөттүн имараттары жайгашкан. Окуянын кесепетинен 158 адам жарадар болду.

ЖМКлардын маалыматына караганда, жанкечти террорист жардыруучу каражат салынган Тез жардам унаасы менен теракт жасаган. ИИМдин жетекчисинин орун басары терактыга байланыштуу делген төрт адам кармалганын жар салды.

"Талибан" радикалдык кыймылы жардыруунун жоопкерчилигин өз мойнуна алды.