Илимпоздор күнүнө бирден чылым чегүү кандай таасир этерин айтып беришти

Адистер чылымды аз чеккендик деле кан тамырларга зыянын тийгизип, инсультка алып келишин айтат
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бир күндө бир чылым чегүү да адам өмүрүн кыскартышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости The BMJ журналына таянып кабарлады. 

Адистер чылымды аз чеккендик деле кан тамырларга зыянын тийгизип, инсультка алып келишин айтат. Алар азбы-көппү, айтор, тамекини түтүнүн илеп тартуунун өзү чоң кооптуулук деп билдиришти.

"Тамекини азайттым дегенден көрө, таптакыр эле таштап салган жакшы", — дешкен илимпоздор.

Ал эми жалпысынан алсак, азыраак чегүү рактын пайда болуу кооптуулугун баары бир азайтат деп кошумчалашкан.

Окумуштуулар чылымга жакын кыз-келиндер эркектерге караганда көбүрөөк ооруйт деген тыянакка келишти.