ӨКМ жер көчкү коркунучун тоготпой койгон бүлөнү көчүрүп, башкаларга эскертүү берди

ӨКМ Сузак районунун Орток айылынын жергиликтүү тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, учурда ал жерде жашап жаткан 33 үй-бүлөгө эскертүү берди
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Cузак районунун Орток айылынын Көл-Камыш участкасында жер көчкү кооптуулугунан улам бир турак үйдүн ээси — Маданбек Керимкулов үй-бүлөсү жана мал жандыктары менен коопсуз жайга, тууганынын үйүнө көчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эки күн мурун Cузак районунун Орток айылынын Көл-Камыш участкасында саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120000 м3 жер көчкү сүрүлүп баштагандыгы байкалган. Ошондой эле аталган аймакта жайгашкан үч турак үйдү жер көчкү басып калуу кооптуулугу жаралган.

ӨКМ: Сузактын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду
Бул боюнча ӨКМдин тиешелүү кызматтары тактоо-иликтөө жана алдын алуу жумуштарын жүргүзүп, анда үч үйдүн ээлери мамлекет тарабынан берилген ссуда жана жер тилкелерин алганы аныкталды. Алардын ичинен эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүп кетишкен, эски турак үйлөрүн бузган эмес. Ал эми бир турак үйдүн ээси Керимкулов баш тартып, көчпөй жашап кала берген.

ӨКМдин Сузак райондук Жарандык коргонуу комиссиясы Сузак районунун Орток айылынын жергиликтүү тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, азыркы убакытта аталган айылда жашаган 33 үй-бүлөгө (255 адамга) эскертүү берди.