Ноокенде аялдын колу-бутун байлап, үйүндөгү 1 млн. сомун карактап кетишти

Кылмышкерлер үйдө турган сейфти көтөрүп кетишкен
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 26-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда үй кожойкесин тапанча менен коркутуп 1 миллион сомго жакын акчасын тоноп кетишкен. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 19-январда болгон. Белгисиз эки киши өздөрүн алгач электрик катары тааныштырган.

"Кылмышкерлер турак үйдүн эшигин каккылаганда үй кожойкеси эшигин ачкан. Алар ошол замат аялга тапанча такап, үйүнө сүйрөп киришкен. Оозун скотч менен чаптап, колу-бутун байлап, алтын сөйкө, шакектерин чечип алышкан. Ошондой эле үй ичиндеги сейфти алып, качып кетишкен", — деди Турдубаев.

Ал ошондой эле бул фактынын негизинде облустук милиция тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.