Милиция кош бойлуу аял менен балдарды сууктан куткарды

Милиционерлер сууктан улам жолдо калгандарга жардам берип, машиналарын сүйрөп чыгарышкан
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу келинди куткарып, суукта калган эки өспүрүмгө жардам беришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Милиция ызгаардан улам элге кайрылды
26-январда нөөмөт бөлүмүнө Бишкек — Ош жолунда автоунаа бузулуп, жүргүнчүлөр жолдо калганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге нөөмөттө турган кызматкерлер жөнөп кеткен. Сууктан улам автоунаа өчүп калганы аныкталган. Машинанын ичинде 28 жаштагы кош бойлуу аял, эки бала жана үй ээси болгон.

Машинаны от алдыруу аракетинен майнап чыккан эмес. Анын ичиндеги бардык жүргүнчүлөр үшүп калган. Аларды милициянын машинасына отургузуп, жылытып, машинаны сүйрөп чыгарып беришкен.