Мамбет Чокморовдун айтуусундагы "Манастын" үч китеби жарык көрдү

Маселен, Чокморовдун вариантында Манас баатыр Алтайда эмес, Арстанбапта туулат. Андан сырткары, атактуу Асан Кайгы туурасында да айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бүгүн атактуу манасчы Мамбет Чокморовдун айтуусундагы "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" китептеринин бет ачары болот. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чокморовдун варианты Саякбай Каралаевдин айтуусунан кийинки эле ири көлөмдөгү түрү. Ал 397 557 саптан туруп, негизги сюжеттин башкалардан бир нече айырмасы бар.

"Манас" дүйнөсү элди улуттук китепканага чакырат
Маселен, Чокморовдун вариантында Манас баатыр Алтайда эмес, Арстанбапта туулат. Андан сырткары, атактуу Асан Кайгы туурасында да айтылат.

Мамбет Чокморов 1896-жылы Тоң районунун Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Ал манасчы болуп калгандыгын 20 жаштагы кезинде көргөн аян менен байланыштырган. Манас айтуу боюнча эч кимден үйрөнүп, сабак албай, аяндан кийин шатыратып айтып калганын өзү эскерген.

1959-1972-жылдар арасында анын оозунан "Манастын" 302 608, "Семетейдин" 71 609 жана " Сейтектин"23 340 сабы жазып алынган.