Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин ишмердүүлүгүнө баа берилди

Аалымдар кеңеши муфтийге коомчулук арасындагы ар кандай суроолого жооп берүүчү түз телефондук байланыш түзүүнү сунуштады
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин отчетун угуп, ага "жакшы" деген баа беришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аалымдар кеңеши муфтийге коомчулук арасындагы ар кандай суроолого жооп берүүчү түз телефондук байланыш түзүүнү сунуштады.

"Мындан тышкары, орус тилдүү имамдардын мечиттерде сабак өтүүсү, өлкө аймагындагы диний окуу жайлар үчүн методологиялык китептерди чыгаруу маселелери коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ажылыкка барчуларды каттоо эртеңден тарта башталат
Аталган жыйынга муфтий Максатбек Токтомушев, анын орун басарлары, бөлүм башчылары жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Баса, муфтият быйыл ажыга барчулардын кийимин тигүүгө жана зыяратчыларды менингит менен мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө үчүн конкурс жарыялаган. Сынак 18-январдан 19-февралга чейин болот. Бул мөөнөт аралыгында кызыкдар тараптар муфтиятка кайрылуусу керек.