Ошто көк бөрүдө ат койдуруп каза болгон өспүрүм. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Өсүпүрүмдү 45 жаштагы оюнчулардын бири аты менен койдуруп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Көк бөрү өтүп жаткан жерде ат койдуруп кетип каза болгон 12 жаштагы бала өз кунанын минип оюнду көрүү үчүн барган. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган окуя 23-январь күнү саат 12.30да Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылында болгон.

"Каза болгон өспүрүм Мээркан айылында туулган. Аны 45 жаштагы оюнчулардын бири аты менен койдуруп кеткен. Жабыркаган бала ооруканага жетпей көз жумган. Окуя болгон жерде маркумдун атасы жана бир тууган агасы дагы болгон", — деп айтылат маалыматта.

Сокулукта үйдүн меши жарылып, бир киши оор абалда ооруканага түштү
Ошондой эле ал үйүнөн өзүнүн кунанын минип кеткендигин, бирок кырсык учурунда ал жөө басып жүргөнү айтылат.

"Өспүрүм түштөн кийин сабакка бармак. Ага чейин теңтуштары менен оюн көргөнү барган. Маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн жана ат менен коюп кеткен айылдашынын үстүнөн арыз жазуудан баш тартты", — деп билдирди маалымат кызмат.

Учурда бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине "кокустук" катары катталып, тиешелүү материалдар чогултулууда.