БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Шаардын тургундары атайын акциянын алкагында муниципалдык "Тазалык" жана "Зеленхоз" ишканаларынын кызматкерлерине таң эрте ысык чай, кофе жана бутерброд таратышты. Бул тууралуу "Помогать легко" коомдук фондусунун аткаруучу директору Динара Аляева билдирди.
Көчө тазалагандарга ысык чай берилди. Видео
© Видео / участники акции "Чай согревай"
Анын айтымында, мындай аракеттер ызгаар күчөгөн маалда өткөрүлүп турат.
"Быйыл 25-январда бул акцияны кайта баштадык. Бизге кошулгандар көп. Алар шаардын төрт районуна ысык чай жеткирип таратууга жардам берүүдө", — деди Аляева.
Учурда бул демилгени колдогондордун саны 70ке жетти. Алар арыктарды тоңуп калган муздан тазалап иштеген муниципалдык "Зеленхоз" ишканасынын кызматкерлерине ысый чай беришүүдө. Бардык аракеттерди активисттер Гуля Алмамбетова жана Динара Аляева менен WhatsApp группадан талкууласа болот.
Алмамбетованын айтымында, мындай аракеттер 2016-жылы октябрда биринчи жолу уюштурулган. Анда активисттер "Ала-Тоо" аянтын тазалагандарга ысык чай таратышкан.
Мындай аракеттер ызгаар аяктаганга чейин өткөрүлүп турмакчы.