Казакстанда күйүп кеткен автобустун айдоочулары эки айга камакка алынды

Соттун ишти судья Алима Адилова карады
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Актөбөдө 52 өзбекстандык өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Водителей сгоревшего автобуса привезли в суд в Актобе

Тергөө өрткө айдоочулардын өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабай, автобус ичинде каңдоочу лампаны пайдаланганы себеп болгонун аныктап чыккан.

52 киши күйүп кеткен автобустагы өрт каңдоочу лампаны колдонуудан чыкканы айтылууда
Эскерте кетсек, 18-январь күнү Казакстандын Актөбө облусундагы Иргиз районунун Самара — Шымкент жолунда 57 кишиси менен бараткан "Икарус" автобусу өрттөнүп кеткен. 

Кырсыктан үч айдоочу менен эки жүргүнчү гана аман калган. Каза тапкандардын баары Өзбекстандын жарандары болчу.

Кийин көз жумгандардын арасында ата-бала, ага-инилер болгону маалымдалган.