Хабибдин атасы Оштогу мушкерлерге UFC чемпиону болуунун сырларын үйрөттү. Видео

Абдулманап Нурмагомедов Кыргызстан олимпиадалык оюндар боюнча чемпиондорду даярдап чыгаруу үчүн спорт мектептеринин шарттарын жакшыртуу керектигин айтты
Sputnik

Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарында болуп, машыктыруучуларга жана спортчуларга UFC чемпиону болуунун сырларын үйрөттү.

Мындайды көргөн эмесмин! Хабиб Бишкектеги 10 миңдей күйөрманынын видеосун чыгарды
Эске салсак, 24-январда Бишкек шаарында UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолуккан.

Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарындагы спорт клубдардын биринде спортчулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Спортчулар негизинен Кыргызстандагы спорт тармагындагы көйгөйлөр, Абдулманап Нурмагомедовдун ийгилигинин сырлары тууралуу суроолорду узатышты. 

Заслуженный тренер России Абдулманап Нурмагомедов посетил Ош

Машыктыруучу СССР кезинде Кыргызстанда олимпиадалык оюндар боюнча беш чемпион болсо, учурда бир да чемпион жок экендигине токтолду.

"Олимпиадалык оюндар боюнча чемпион даярдоо үчүн алар машыккан спорт мектептердин шарттарын жакшыртуу керек. Мындан сырткары, спортчулар менен иштөөнү күчөтүү кажет. Кыргызстандагы спорттук мектептерде 400дөй спортчу машыгарын мага айтышты. Олимпиадалык оюндардын катышуучулары да ушул мектептерде машыгышат. Башка мамлекеттерден күчтүү адистерди, машыктыруучуларды тартып, болочок чемпиондорду даярдоо керек. Спортчулар жөн эле "машыктым" деп убакыт өткөрбөшү керек", — деди Нурмагомедов.

Ал кыргыз элинин меймандостугуна, күйөрмандары жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылык билдирди.