Милиция ызгаардан улам элге кайрылды

Өзүнүн жана башкалардын коопсуздугун сактоо үчүн жол эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болууга чакырат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Бала бакчалар да каникулга тарайбы? Министрликтин жообу
Эске салсак, 26-30-январда Кыргызстанда катуу сууктун болору күтүлүп жатат. Айрым аймактарда 30 градус, тоолуу аймактарда 40 градуска чейин ызгаар болору айтылууда.

Милиция айдоочуларга жай айдап, аралыкты сактап, машинаны дароо токтотпоону эскертти.

Жол кыймылы коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгы жөө адамдарды да бир катар эрежелерди сактоого чакырат:

— жолдон өтөөрдө эки жакты карап, машиналар токтоп сизди өткөрүп жатканын жакшылап караңыз;

— күн сайын балдарга мектепке бара жатканда жол эрежесин сактоо керектигин эскертиңиз;

— жолду атайын белгиленген жерден гана кесип өтүңүз. Балаңыз жаныңызда болсо аны жетелеп алыңыз.

Ошондой эле бардык айдоочулар менен жөө адамдарга жол эрежесин сактоону эскертет.

Күтүлүп жаткан сууктан улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.