Казакстанда 200дөн ашык киши үшүк алып дарыгерлерге кайрылган

Алардын айрымдары ооруканага жаткырылган
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстанда 200дөн ашык киши үшүк алып дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, жалпысынан 223 кайрылуу болуп, 73 бейтап ооруканага жаткырылган, 150 кишиге амбулатордук жардам берилген.

Үшүк алып кетпесин! ӨКМ суукка урунуп албоонун жолдорун айтты
Астана шаарында 20 киши кайрылып, экөө ооруканага жаткырылган. Үшүк алгандардын көбү Караганда облусунан болуп чыкты. 87 кишинин 15и жатып дарылануу үчүн ооруканага жиберилген. Ал эми Чыгыш-Казакстан облусунда жардам сураган 54 бейтаптын 27си ооруканага жаткырылган.

Буга чейин синоптиктер Казакстандын аймагына арктикалык антициклон келерин айтып, шашылыш билдирүү тараткан. Анда 26-январга чейин абанын температурасы 35-40 градуска чейин төмөндөй турганы эскертилген.

Ал эми Кыргызстандын синоптиктери өлкө аймагында 26-январдан 29-январга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болорун маалымдады.