Казакстанда кыргызстандыктар түшкөн дагы бир автобус ызгаардан улам бузулду

Автоунаанын ичиндеги жүргүнчүлөр коопсуз жайга жеткирилген
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстандагы жолдо Кыргызстан менен Тажикстандын жүргүнчүлөрү түшкөн автобус бузулуп калды деп билдирди Sputnik Казакстан агенттиги. 

Күйүүчү майы тоңуп калгандыктан, 81 адамдын өмүрүнө кооптуулук жаралган.

"Саат 11:00дө полициянын жергиликтүү кызматына Кызылорда — Павлодар жолунун 4-чакырымында, Калкаман айылынын жанында 1,5 сааттан бери бузулуп калган автобус турганы маалымдалган. VANHO үлгүсүндөгү эл ташуучу автоунаада Кыргызстан менен Тажикистан жарандары болгон", — деп билдирген Павлодар облусунун Чукул кырдаалдар боюнча департаментинен.

Автобустун ичиндегилерди башка автоунаага отургузушуп, полициянын жергиликтүү кызматынын коштоосунда Павлодар шаарына жеткиришкен.

Казакстанда 200дөн ашык киши үшүк алып дарыгерлерге кайрылган
76 жүргүнчү №1 автобус паркынын аймагына жайгаштырылып, автоунаа оңдолгон соң алар кайра жолго чыгышкан. Тоңуп калгандар болгон эмес.

Буга чейин да Акмоло облусунда автоубус кыргызстандык 22 жүргүнчүсү менен суукта жолдо калган. Ичиндегилер убактылуу түнөөчү жылуу жайга жайгаштырылган.

Казакстанда 22-январдан бери болуп көрбөгөндөй суук болуп турган кези. Кээ бир райондорунда сууктун күчү 45 градуска жетүүдө. Ал эми Кыргызстанда 26-январдан тарта шашылыш билдирүү тарап, синоптиктер бир катар аймактарда 30, ал эми тоолордо 40 градуска чейин ызгаар каптарын билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын температурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу 24-январдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.