Кара-Суу районунда 8 миң адамды тейлөөчү таяныч пункту ачылды

Арашан кичи шаарчасында өлкөнүн ар кайсы тарабынан көчүп келип, батирлерди ижарага алган жарандар жашайт
Sputnik

ОШ, 25-янв. – Sputnik. Кара-Суу районундагы Арашан кичи шаарчасында милициянын 13-аймактык таяныч пункту ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук милициянын жетекчисинин орун басары Санжар Анарбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 3
Кара-Суу районундагы Арашан кичи шаарчасында милициянын 13-аймактык таяныч пункту ачылып, пайдаланууга берилди
2 / 3
Имаратты курууга жалпы бир миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган
3 / 3
Милициянын жаңы ачылган бөлүмү диний экстремизм, терроризм, улуттар аралык жаңжалдар, жаш жеткинчектер арасындагы кылмыштуулук, уурулуктун алдын алып, абалды көзөмөлгө алат.

Анын айтымында, имаратты курууга жалпы бир миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Милициянын үстүнөн эми WhatsApp аркылуу арызданууга болот
"Кара-Суу районунда бир катар улуттун өкүлдөрү жашайт. Учурда криминогендик абал туруктуу. Бирок ага карабастан милициянын №13 таяныч пунктун ачуу зарылдыгы жаралды. Себеби Кара-Суу районунун борборундагы Арашан кичи шаарчасында көп кабаттуу үйлөр жыш жайгашкандыктан, анда өлкөнүн ар кайсы тарабынан көчүп келип, батирлерди ижарага алган жарандар жашайт. Калк көп жайгашкан жерде ар кандай кылмыштар катталышы мүмкүн. Ошондуктан милициянын жаңы ачылган бөлүмү диний экстремизм, терроризм, улуттар аралык жаңжалдар, жаш жеткинчектер арасындагы кылмыштуулук, уурулуктун алдын алып, абалды көзөмөлгө алат", — деди Анарбаев.

Ал ошондой эле аталган милиция бөлүмү сегиз миңге жакын калкты тейлеп, коомдук коопсуздукту камсыздай тургандыгын кошумчалады.