Хабиб Нурмагомедовдун атасы Ош шаарына мастер-класс өтүү үчүн барды. Сүрөт

Кечээ, 24-январда, Бишкек шаарында UFC уюмунун россиялык мушкери Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош шаардык спорт комитети билдирди. 

1 / 3
Бүгүн россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына келди
2 / 3
Аны аэропорттон спорт комитетинин өкүлдөрү жана спортчулар чепкен жаап, калпак кийгизип тосуп алышты
3 / 3
Хабибдин атасы эс алуудан кийин Ош шаарындагы спорт клубдардын биринде машыктыруучулар жана спортчулар үчүн мастер-класс өткөрө турганын айтты.

Аны аэропорттон спорт комитетинин өкүлдөрү жана спортчулар чепкен жаап, калпак кийгизип тосуп алышты.

Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
Хабибдин атасы эс алуудан кийин Ош шаарындагы спорт клубдардын биринде машыктыруучулар жана спортчулар үчүн мастер-класс өткөрө турганын айтты.

Абдулманап Нурмагомедов — эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Дагестандын самбо боюнча курама командасынын машыктыруучусу.

Эске сала кетсек, белгилүү мушкер Хабиб жана анын атасы Абдулманап Нурмагомедов Бишкек шаарына 23-январда келген.

Кечээ, 24-январда Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Аны менен жолугууга миңдеген адамдар чогулду.