Индонезияда эки буту жок туулган музоо киши сымал басып таң калтырды. Видео

Социалдык тармакка эки арткы буту менен баскан музоонун видеосу жарыяланды
Sputnik

The Daily Mail басылмасынын маалыматы бюонча эки алдыңкы буту өспөй калган торпок Индонезиянын бир айылынан табылган. 

Арстандын жүрөгүн түшүргөн кандектин видеосу тарады
Видеодо музоонун тең салмактуулугун эптеп сактап, эки буту менен абайлап басып баратканын көрүүгө болот. Жанында жыгылып кетпесин деп сүйөп-таяп жүргөн эркек киши бар.

Соцтармак пайдалануучулары эки бутуна турган торпок адамдын ийининен келерин айтышууда.

Кандайдыр бир кемтиги же өзгөчөлүгү менен туулган жандыктар дүйнө жүзүндө көп эле кездешет. Буга чейин Индиядагы "адам түспөлдүү" торпок көпчүлүктү аң-таң калтырган.