БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзбекстанда денесинен 16 кийим тигүүчү ийне табылган ымыркай аман экенин Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.
Республикалык ыкчам медициналык жардам борборундагы өздүк булак наристе реанимация бөлүмүндө жатканын маалымат агенттигине кабарлаган.
Буга чейин бала чарчап калды деп Өзбекстандын Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева Facebook баракчасына жазган болчу.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын айткан.
Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов kun.uz басылмасына ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун белгилеп, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин кошумчалаган.
Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөөсүн улантып жатат.