Радио

Кенекеев: 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар

Биринчи вице-премьер Даир Кенекеев каражаттын тартыштыгынан улам таза суу көйгөйү чечилбей жатканын айтты
Sputnik
Кенекеев: 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар

Кыргызстан боюнча 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Бул тууралуу Даир Кенекеев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул маселеге 250 миллион сом бөлүнгөн.

"Өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет деп турабыз. Ага негизинен курулушу мурда башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдар кирди. Белгилей кетчү нерсе, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда", — деди Кенекеев.

Ал быйыл таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 миллион сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады.