Трансформация мыйзамын талап кылгандар Ак үйдүн алдына митингге чыкты

Митингчилер "Трансформация маселеси чечилсин!", "Трансформация болсун" деп кыйкырып, өкмөт өкүлдөрү менен депутаттардын чыгышын талап кылышты
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына трансформация мыйзамын кабыл алууну талап кылган 40тай киши митингге чыкты.

1 / 3
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына трансформация мыйзамын кабыл алууну талап кылган 40тай киши митингге чыкты
2 / 3
Алар депутаттардан жана өкмөттөн жерлерди трансформация кылуу боюнча мыйзамды кабыл алууну талап кылышууда
3 / 3
Өзүн Асыл деп тааныштырган аял Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштарда жашагандардын көбү салынган үйүнүн документи жок эле 20 жылдан бери жашап жатканын айтты.

Алар депутаттардан жана өкмөттөн жерлерди трансформация кылуу боюнча мыйзамды кабыл алууну талап кылышууда.

Өзүн Асыл деп тааныштырган аял Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштарда жашагандардын көбү салынган үйүнүн документи жок эле 20 жылдан бери жашап жатканын айтты.

"Жашаган үйүбүз болгону менен анын документи жок. Ушул жерди трансформациялоо боюнча мыйзам кабыл алынса, жерди мыйзамдаштырып, үйгө документ алмакпыз", — деди.

Алар "Трансформация маселеси чечилсин!", "Трансформация болсун" деп кыйкырып, өкмөт өкүлдөрү менен депутаттардын чыгышын талап кылышты.

Коомдук тартипке он чакты милиция кызматкери көз салууда.