ӨКМ: Сузактын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду

Бул окуя боюнча кошумча маалымат берилет
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болгонун ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 24-январда саат 16:45 чамасында көчкүнүн белгилери байкалган.

"Маалыматты тактоо үчүн Сузак райондук жарандык комиссиясы жана башка тийиштүү жактар аталган аймакка жөнөп кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ бул окуя боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маегин бул жактан окуңуздар.