Өкмөт күйүүчү майды коопсуз жол менен ташуу жагын караштырат

20-январда Бишкек — Ош унаа жолунда май ташуучу автоунаа кырсыктап, Чычкан суусуна кулап кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Вице-премьер Дайыр Кенекеев Бишкек — Ош жолундагы май ташуучу унаанын кырсыкташы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымында Чычкан суусуна кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан.

Чычкан суусуна кулаган унаадан 30 тонна бензин төгүлгөн. Ким кандай зыян тартты?
Кенекеев акыркы учурда бензовоздордун катышуусу менен жол кырсыктары арбып, жарандар арасында кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу кеңешмеде күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз жол менен ташуу маселеси каралды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлар Бишкек — Ош жолу аркылуу машина менен жеткирилет. Бирок аталган маршрут өзгөчө кыш мезгилинде абдан татаал болуп эсептелинет.

"Күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында вице-премьер Дайыр Кенекеев тийиштүү мамлекеттик органдарга күйүүчү жана майлоочу майларды республиканын түштүгүнө темир жол менен жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо, Өзбекстан менен темир жол аркылуу жүк ташуу тарифтерин төмөндөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.

Кенекеев ошондой эле жүк ташуучу унаалардын жол кырсыгын азайтуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.