БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, премьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан. Анда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.
Тактап айтканда, дүйнөлүк энергетикалык кеңештин төрагасы, "Дэсун" (Daesung) компаниясынын төрагасы жана аткаруучу директору Ким Ён Сун, Дубай инвестициялык корпорациясынын (ICD) жетекчиси, Fly Dubai, Emirates Airline авиакомпанияларынын ээси Мухаммед Аль Шайбани, ICD улук кеңешчиси Чан Сун Ён, Sahara Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Тони Коул жана "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун төрагасы Ави Глазер менен жолугушкан.
"Инвестицияларды тартуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Анын натыйжасында кошумча жумушчу орундары түзүлүп, узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Биздин өлкөгө мындай деңгээлдеги ири компаниялардын келиши Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү берет. Биз кызыкдар инвесторлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даярбыз", — деди өкмөт башчы.
Исаков КР өкмөтү азыркы учурда 2018-2023-жылдарга "Жаңы доорго кырк кадам" орто мөөнөттүү Программаны ишке ашырып жатканын, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгиледи.
"Кыргызстан – либералдык салык режими бар мамлекет, өлкөдө электр энергиясына карата тарифтер дагы төмөн, капиталдын жана акча каражаттардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылган либералдуу валюта режими иштейт", – деди Исаков.
Андан сырткары, сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына конок иретинде катышып кетүүгө чакырды.
Кыргызстан Давостогу бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга 1998-жылдан бери биринчи жолу катышууда. Быйыл аталган форумга премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация барган.