Мындайды көргөн эмесмин! Хабиб Бишкектеги 10 миңдей күйөрманынын видеосун чыгарды

Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Бишкекке кечээ, 23-январь күнү, келген
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бүгүн Хабиб Нурмагомедов борбор калаадагы соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп, Instagram баракчасына ыраазычылыгын билдирди. 

Россиялык UFC мушкери Бишкекке кечээ, 23-январь күнү, келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү жана журналисттер тосуп алган.

Ал эми 24-январь күнү болгон жолугушууга Нурмагомедовду көрүүгө миңдеген күйөрмандары келген.

"Менде буга чейин мындай болгон эмес. Жолугушууга 10 миңге чукул киши келди. Чоң рахмат агалар, мен муну абдан баалайм," — деп жазды Хабиб.

1 / 2
Бүгүн Хабиб Нурмагомедов борбор калаадагы соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп, Instagram баракчасына ыраазычылыгын билдирди
2 / 2
"Менде буга чейин мындай болгон эмес. Жолугушууга 10 миңге чукул киши келди. Чоң рахмат агалар, мен муну абдан баалайм," — деп жазды Хабиб.

Хабиб Нурмагомедов тууралуу кызыктуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.