Бишкектин жака-белинен киши колдуу болгон эки кишинин сөөгү табылды

Сөөктөр шаршембиге караган түнү табылган, бул боюнча кылмыш иши козголду
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында эки эркек кишинин сөөгү табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык милиция билдирди.

Сөөктөр 24-январда болжол менен саат 00.30дарда табылган.

"Киши колдуу болгондор аныкталды. Сөөктөрдү дүкөндөн анча алыс эмес жердеги имараттын ичинен табышкан. Бирөө 1972-жылкы болсо, экинчиси 1982-жылы туулган болуп чыкты", — дешти милициядан.

Учурда аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим. Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган…